Мектептерде мамлекеттик электрондук күндөлүк киргизилет
8 октябрь

Мектептерде мамлекеттик электрондук күндөлүк киргизилет

Экинчи чейректен баштап мектептерде мамлекеттик электрондук күндөлүк киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 7-октябрдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, жакынкы күндө электрондук күндөлүктү иштеп чыгуу аягына чыгат, ага окуучунун жеке идентификациялык номери киргизилет. 

"Экинчи чейректе иштеп баштайт. Бул биринчи улуттук портал болот. Бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткан күндөлүк улуттук эмес", - деп кошумчалады ведомство башчысы.

"Мугалимдер мектепте интернеттин начардыгынан улам журналга телефондон кирүүгө туура келип жатканын айтышууда. Интернет иштебегендиктен алар эки жумуш кылууга мажбур болушууда: мурункудай кызыл журналды толтуруп, кийин аны телефонго кайталап киргизип чыгуу. Андан тышкары, алар дептерлерди текшерип чыгышат, ага кошумча акча төлөнбөйт", - деди эл өкүлү Аида Исатбек кызы.

Билим берүү министри депутаттын дооматтарына жооп кайтарып, интернет 120 мектепте гана жок экенин, мугалимдер дептер үчүн 2,7 миң сомдон алып жатканын айтты.