2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо белгилери
28 октябрь

2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо белгилери

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тескемесин аткаруу максатында, 2026-жылдын 27-октябрынан тартып Кыргызстанда алгачкы жолу чыгарылган, 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы жаңы улуттук валюта банкнотторун жүгүртүүгө киргизет. Банкноттор «Борбор-Азия Корголгон Басма Басмаканасы» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан даярдалган.

Банкноттордун жаңы дизайнында учурда жүгүртүүдөгү бешинчи сериянын дизайны сакталган: банкноттордун алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый маданий объектилер, ошондой эле банкноттордун өлчөмү жана түстүү жасалгасы мурункудай сакталды.

Банкноттордун коргоо элементтери банкнот индустриясынын заманбап эл аралык стандарттарына жооп берет.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун негизги коргоо белгилери
1. Суу белгиси: көп тоналдуу портрет жана номинал түрүндө электротип.
2. Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо үзгүлтүксүз болуп көрүнөт, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндө логотиби камтылган.
3. Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
4. Сүрөттөрдүн рельефтүүлүгү: портрет, жазуулар, банкноттун сан жана тамга номиналы.
5. Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси - С көп түстө көрүнөт.
6. Жалтырак түс (арткы бетинде): банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.
7. Микротекст, микросүрөттөлүштө флора жана фауна сүрөттөрү жазуу түрүндө берилген.».