Ош шаарындагы Ош көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды
Ош шаарындагы Ош көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Мэриядан кабарлашкандай, учурда жолго асфальт төшөө жумуштары жүргүзүлүүдө.
27-октябрда аталган курулуш иштеринин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте жеринен барып таанышты. Анда жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Ошондой эле аткарылып жаткан иштердин сапатына тыкыр көзөмөл жүргүзүү талабы коюлду.
Белгилей кетсек, буга чейин көчөдө жер астындагы инженердик-коммуникациялык түтүктөр толугу менен алмаштырылып, ирригациялык лотоктор орнотулган. Мындан тышкары, тротуарлардын бордюрлары орнотулуп, жолдун негизин даярдоо иштери аткарылган.
олбоордун алкагында Ж. Раимбеков көчөсүнөн Т. Касымбеков көчөсүнө чейинки Ош көчөсү төрт тилкелүү болуп кеңейтилди. Жалпы узундугу 3 чакырымды түзгөн көчөнүн туурасы 24 метрге чейин жеткирилди.
Капиталдык оңдоо иштери аяктагандан кийин Ош көчөсү шаардагы жол кыймылын жакшыртып, Ош эл аралык аэропортуна баруучу кошумча альтернативдүү жол катары кызмат кылат.
