Бишкекте спутник аркылуу башкарылган автопилоттуу трактор көрсөтүлдү
Иллюстрациялык сүрөт
27 октябрь

Бишкекте спутник аркылуу башкарылган автопилоттуу трактор көрсөтүлдү

Бишкекте өткөн «АгроТехЭкспо – 2026» көргөзмөсүндө айыл чарбасына арналган заманбап техниканын 17ден ашык түрү көрсөтүлдү.

Алардын арасында навигациялык система жана автопилот менен жабдылган, спутниктен алынган маалыматтар аркылуу башкарылуучу трактор бар.

Ошондой эле көргөзмөнүн катышуучуларына талааларды дрондордун жардамы менен иштетүүчү жабдуулар, техниканы аралыктан башкаруу системалары жана тамчылатып сугаруу технологиялары тааныштырылды.

Экспозицияга күн энергиясы менен иштеген жабдуулар жана күнөскана чарбалары үчүн заманбап технологиялар да киргизилди.

Уюштуруучулардын белгилешинче, көргөзмө дыйкандарга айыл чарба иштерин автоматташтырууга жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген жаңы технологиялар менен таанышууга шарт түздү.