Кыргызстан менен Япониянын ортосунда жол-курулуш техникаларын жеткирүү боюнча протоколго кол коюлду
27 октябрь

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда жол-курулуш техникаларын жеткирүү боюнча протоколго кол коюлду

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Япониянын Japan International Cooperation System (JICS) уюмунун ортосунда эки тараптуу консультативдик комитеттин жыйыны өттү. Ага министрдин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын соңунда «Экономикалык жана социалдык өнүгүү программасынын» алкагында жеткириле турган жол-курулуш техникаларынын тизмесин, аларды сатып алуунун тартибин жана негизги жол-жоболорун камтыган талкуулардын протоколуна кол коюлду.

Ал эми бул протоколго кол коюу аталган программаны ишке ашыруудагы маанилүү этаптардын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 14-августунда кол коюлган ноталар алмашуу жана гранттык макулдашуулардын негизинде Япониянын өкмөтү Кыргызстанга жол-курулуш техникаларын жеткирүү үчүн 533 миллион иен өлчөмүндө грант бөлгөн. Анын алкагында жол фрезасы, жол стабилизаторлору, тандемдик вибрациялык каток жана пневмодөңгөлөктүү каток жеткирилет.