Кыргызстанда мамлекеттик муктаждык үчүн алынган жердин ордуна башка жер тилкесин берүү сунушталууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Кыргызстанда мамлекеттик муктаждык үчүн алынган жердин ордуна башка жер тилкесин берүү сунушталууда

Кыргызстанда коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкелери алынган учурда жарандарга жана юридикалык жактарга компенсация берүү механизмин кеңейтүү сунушталууда.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик коомдук талкууга чыгарды.

Документте алынуучу жер тилкесинин ордуна ага теңдеш башка жер тилкесин берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү каралган.

Долбоордун авторлорунун белгилешинче, мындай механизм ири инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууда зарыл болушу мүмкүн.

Учурда сугат айдоо жерлерин башка категорияларга которууга коюлган чектөөлөрдөн улам ордуна теңдеш жер тилкесин табуу кыйынчылык жаратууда.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жер тилкелеринин ээлерине жана жер пайдалануучуларга компенсация берүүнүн кошумча механизмин түзүүгө, ошондой эле жерди алуу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон талаш-тартыштардын тобокелдигин азайтууга багытталган.

Мындан тышкары, жаңы норманы Кыргызстандын жаңы Жер кодекси күчүнө кирген күндөн тартып келип чыккан укуктук мамилелерге да жайылтуу сунушталууда.