Кыргызстанда номиналы 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Кыргызстанда номиналы 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыгарылды

2026-жылдын 27-октябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын үлгүсүндөгү 20 жана 50 сомдук номиналындагы жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгарды.

Улуттук банктан кабарлашкандай, алар алгачкы жолу Кыргызстанда — «Борбордук Азиянын Корголгон Басма Типографиясы» жоопкерчилиги чектелген коомунда даярдалды.

Эмне өзгөрдү?

Жаңы банкноттордун дизайнында колдонуудагы бешинчи сериянын өзгөчөлүктөрү сакталган: алдыңкы бетинде тарыхый инсандардын портреттери, арткы бетинде тарыхый жана маданий объекттер чагылдырылган. Банкноттордун өлчөмдөрү жана түстөрү да өзгөргөн жок.

Жаңы банкноттор банкнотторду даярдоо тармагындагы эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап коргоо элементтери менен жабдылган.

Маанилүү: чыгарылган жылына карабастан, улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты болуп саналат жана төлөмдөрдү жүргүзүүдө милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.