Кыргызстанда Кытайдын колдоосу менен ири ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
27 октябрь

Кыргызстанда Кытайдын колдоосу менен ири ветеринардык-фитосанитардык лаборатория курулат

Кыргызстанда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ), Кытайдын жана башка чет өлкөлүк рыноктордун талаптарына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзө турган ири ветеринардык-фитосанитардык лаборатория куруу пландалууда.

Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын ветеринардык-санитардык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Тилек Табалдиев «Биринчи радионун» «Өнүгүү багыты» («Курс на развитие») программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, лабораториянын курулушун 2027-жылы баштоо пландалууда.

«Быйыл Кытайдан келген адистер жер тилкесин изилдеп, келечектеги лабораториянын долбоорун тааныштырышты», — деди ал.

Жаңы комплексте ветеринардык жана фитосанитардык багыттар боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ветеринардык багытта жаныбарлардын оорулары жана азык-түлүк продукциясынын коопсуздугу текшерилет.

Лаборатория куруу үчүн бир гектардан ашык жер тилкеси бөлүнгөн.

Табалдиев белгилегендей, учурдагы лабораториялардын көбү совет мезгилинде курулган. Алардын аянты заманбап жабдууларды толук орнотууга жана аккредитациянын багыттарын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Жаңы лабораториянын ишке кириши кыргызстандык өндүрүүчүлөргө Кытайдын жана продукциянын коопсуздугуна карата талаптары жогору болгон башка өлкөлөрдүн рынокторуна чыгууга шарт түзөт.