Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Бишкек мэриясы
27 октябрь

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ротация тартибинде Расул Токтобек уулу Ленин административдик районунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин административдик районунун муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси кызматына Мехаров Эхемед Харкиевич дайындалды.