Бүгүн ЖМКда

10 сентября
Dexerto.com: Японияда узак уктоо боюнча мелдеш өтөт – жеңүүчүгө ири суммадагы акча берилет

Япониянын борбору Токиодо уктоо боюнча өзгөчө мелдеш өтөт – катышуучулар бир убакта 90 мүнөт укташы керек, ал эми жеңүүчү атайын «уйку индекси» боюнча аныкталат.

Ал уйкунун тереңдиги жана сапаты, уктап кетүү ылдамдыгы жана уйкунун туруктуулугу сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелет.

Баш байге 2,22 миллион иенди, болжол менен 14 400 долларды түзөт. Ошондой эле «Терең уйку үчүн сыйлык» жана «Акробатикалык айлануу» сыяктуу атайын номинациялар каралган.

Мындан тышкары, катышуучулар кокусунан тандалган «уйку буюмун» алышат. Ал буюмдун эмне болору азырынча белгисиз.

Ошондой эле артыкчылык алуу үчүн атайылап түнү бою уктабай, мелдешке уйкусурап келүүгө тыюу салынат.

Иш-чара 2026-жылдын 5-октябрында өтөт. Жалпысынан 20 кишиден турган үч жарыш пландалган. Катышуу акысыз, арыздар 16-сентябрга чейин кабыл алынат.

Уюштуруучулар Япониядагы уйкунун жетишсиздиги көйгөйүнө көңүл бурууну көздөшөт. Өлкөдө орточо уйку узактыгы дүйнөдөгү эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.

USA Today: Amazon кош бойлуу кызматкерлерди басмырлоого айыпталууда

Кызматкерлердин укугун коргоочу Better Balance уюму кош бойлуу кызматкерлерди басмырлаганы үчүн Amazon компаниясынын үстүнөн сотко кайрылды.

8-сентябрда берилген жалпы улуттук жамааттык доо арызда Amazon миңдеген кош бойлуу кызматкерлер үчүн тийиштүү эмгек шарттарын түзүп бербегени, ал эми алар кош бойлуулукка байланыштуу тыныгуу же өргүү алганда жумуштан кетиргени же кетирем деп коркутканы айтылат.

Доодо компания жылдар бою кызматкерлердин укуктарын бузган саясат жүргүзүп келгени, бул тууралуу АКШнын Тең мүмкүнчүлүктөр боюнча жумушка орноштуруу комиссиясына бир нече жолу маалымдалганы, ошондой эле Нью-Жерси жана Нью-Йорк штаттарындагы бир нече иликтөөлөргө негиз болгону белгиленет.

Тактап айтканда, доогерлердин биринин айтымында, Amazon анын кош бойлуулугуна байланыштуу отуруп иштөө, кошумча тыныгуу алуу жана физикалык жүктөмдү чектөө боюнча өтүнүчүн кароону кечеңдетип, кийинчерээк суралган шарттардын айрымдарына гана макул болгон.

Аялдын айтымында, кош бойлуулуктагы кыйынчылыктардан улам ооруканага жаткырылгандан кийин компания аны жумушка келбегени үчүн иштен кетирерин эскерткен. Бир нече күндөн кийин дарыгерге көрүнгөнү тууралуу аныктама бергенине карабай, аны жумуштан кетиришкен.

Эми доогерлер Amazon компаниясынан кош бойлуу кызматкерлерге карата саясатты өзгөртүүнү, ошондой эле мурдагы жана учурдагы мыйзам бузуулар үчүн компенсация төлөп берүүнү талап кылышууда.

Kommersant: Куба президенти арал мындан ары эч качан кайсы бир империянын колониясына айланбай турганын билдирди

Кубанын президенти Мигель Диас-Канель арал мамлекети мындан ары эч качан эч бир империянын колониясына айланбай турганын билдирди.

Ал бул билдирүүсү менен АКШ президенти Дональд Трамптын Truth Social социалдык тармагындагы «Кубанын аймагы америкалык желектин түстөрү менен боёлгон» деген постуна жооп берди.

«Куба колония жана эки империянын неоколониясы болуу эмнени билдирерин жакшы билет», – деп жазды Диас-Канель X социалдык тармагында.

Ал ошондой эле «көз карандысыздыгыбыз, суверенитетибиз жана өз тагдырыбызды өзүбүз аныктоо укугубуз үчүн төгүлгөн кан текке кетпейт» деп кошумчалады.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Трамптын картографиялык жарыясына юмор менен жооп берди.

«Ушинтип отурса, АКШ өкмөтү жакында өз жарандарын толугу менен адаштырат. Жакында алар кайсы булуңда, кайсы көлдүн жанында, кайсы имаратта, өлкөдө, континентте же кайсы планетада экенин түшүнбөй калышат», – деп жазды ал социалдык тармактарда.

Дональд Трамптын дүйнө картасы түрүндөгү посту дүйшөмбү күнү жарыяланган. Сүрөттө америкалык желектин түстөрү АКШны гана эмес, Канада, Мексика, Исландия аймактарын, ошондой эле Кариб деңизинин жана Борбордук Американын бир бөлүгүн да камтыган.

The Wall Street Journal: Трамп «жакын» жардамчыларына Рождестводо 45 миң доллардан белек кылган

АКШ президенти Дональд Трамп өткөн Рождестводо Натали Харпка жана дагы эки жардамчысына 45 миң доллардан берген.

Бул тууралуу Ак үй жарыялаган каржылык документтерден белгилүү болду.

Харптан тышкары, документтерде «майрамдык белек» деп көрсөтүлгөн акча тууралуу маалыматты коммуникация боюнча кеңешчи Марго Мартин жана Овал кабинетинин операциялык иштер боюнча директорунун орун басары Чемберлен Харрис да ачыктаган.

Үчөө тең Трамптын эң жакын жардамчыларынын катарына кирет. Алардын жумуш орундары Овал кабинетинин кире беришинде жайгашкан, президентти сапарларында көп коштоп жүрүшөт, ошондой эле жолугушууларды жана учурдагы иш-чараларды уюштурууга жардам беришет.

Конгресске жөнөтүлгөн жылдык эмгек акы боюнча отчетторго ылайык, алардын ар бири жылына 150 миң доллар алат.

WSJ билдиргендей, президенттин айланасындагы адамдарга, анын ичинде айрым мамлекеттик кызматкерлерге жана жеке сектордо иштеген жардамчыларга Рождестволук белектерди берүү салты көптөн бери бар.

Бул белектер аталган адамдардын расмий мамлекеттик милдеттерине байланыштуу эмес, ошондуктан тиешелүү укуктук жана этикалык нормаларга каршы келбейт.

9 сентября
IRNA: Иран парламенти АКШга «дагы уят болбой, аймактан чыгып кетүүнү» кеңеш кылды

Иран АКШны Жакынкы Чыгыштагы абалга байланыштуу иллюзияда жашап жатат деп айыптап, «дагы уят болбой», аймактан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө чакырды.

Бул тууралуу Иран парламентинин – Меджлистин төрагасынын орун басары Али Никзад билдирди.

«Иллюзияда жашап жаткан АКШ өкмөтүнө биздин кеңешибиз – дагы уят болбой, Жакынкы Чыгыш жана Перс булуңу аймагынан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кеткиле», – деди ал.

Анын айтымында, Иран АКШнын аскердик базаларына жана кемелерине сокку урууда буга чейинки мүмкүнчүлүктөрүнүн бир бөлүгүн гана колдонгон.

Никзад кошумчалагандай, бул согуш АКШнын «иллюзиялык улуулугун» дүйнөлүк коомчулуктун көз алдында толугу менен талкалаган.

ТАСС: Улуу Британия Иранга каршы санкцияларды күчөтөт

Улуу Британиянын өкмөтү Иранга каршы санкцияларды күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Стивен Даути билдиргендей, чектөөлөр ислам республикасынын соодасына жана деңиз ташууларына таасирин тийгизет.

«Финансылык чаралар Иран өкмөтүнүн Улуу Британиянын финансылык системасына кирүү жана өзүнүн ядролук программасын колдоо үчүн каражат топтоо мүмкүнчүлүктөрүн дагы чектейт. Бул мыйзамдын алкагында соодага тыюу салынган товарлардын, технологиялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси кеңейтилет. Бул Ирандын ядролук потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзгөн энергетика, программалык камсыздоо, металлургия, алтын казуу сыяктуу тармактарга, ошондой эле деңиз ташуулары, камсыздандыруу жана банктык кызматтарга тиешелүү», – деп айтылат Даутинин британ парламентине жөнөткөн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө.

Ошондой эле Ирандын кадимки куралдарын өндүрүү жана ядролук потенциалын өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон кошумча товарларды жана технологияларды экспорттоого тыюу салынат.

Мындан тышкары, айрым учурларды кошпогондо, Ирандын аба кемелеринин Улуу Британияга конуусуна тыюу салынат.

Даутинин айтымында, мыйзам Ирандын ядролук программасын ишке ашырууга жана анын деструктивдүү, дестабилдештирүүчү аракеттерине көмөктөшкөн деңиз кемелерине санкция киргизүү боюнча ыйгарым укуктарды да кеңейтет.

Интерфакс: Лариса Долинаны алдаган адамдардан 114 млн рубль өндүрүлөт

Москванын Лефортово райондук соту Лариса Долинанын кыймылсыз мүлк боюнча алдамчылыкка байланыштуу койгон доосун канааттандырды.

Доо талаптары канааттандырылып, 114 млн 120 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын өндүрүү чечими кабыл алынганы белгилүү болду.

Буга чейин Долинага карата жасалган алдамчылык иши боюнча төрт адам 4 жылдан 7,3 жылга чейин эркинен ажыратылган.

2024-жылдын августунда Долина телефондук алдамчылардын курмандыгы болгону белгилүү болгон.

Анын батирин сатууга байланыштуу окуя Россияда кеңири коомдук резонанс жаратып, кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдериндеги алдамчылык схемаларга көңүл бурган.

Узакка созулган соттук териштирүүдөн кийин батир сатып алуучу Полина Лурьеге кайтарылып берилген.

Toutiao.com: Адаттан тыш тамактануудан улам 24 жаштагы белгилүү фуд-блогер каза болду

Тамак-аш блогери Иньин 24 жашында каза болду.

Иньин «мукбанг» (mukbang) форматындагы блогу менен белгилүү болгон. Бул форматта адам камера алдында ар кандай тамактарды жейт. Ал көбүнчө майлуу, тузу көп жана оор тамактарды жечү.

Атактуу блогердин жүрөгү организмдеги калийдин кескин жетишсиздигинен – гипокалиемиядан улам токтоп калган. Буга туздуу жана майлуу тамак-ашты ашыкча колдонуу, уйкунун жетишсиздиги жана тынымсыз иштөө сыяктуу факторлор себеп болгону айтылат.

Ал каза болор алдындагы күндөрү калийдин деңгээли төмөндөп кеткенине байланыштуу ооруканага жаткырылганын билдирген.

Калий организмдин дээрлик бардык системаларынын, анын ичинде жүрөктүн, булчуңдардын жана нерв системасынын иштешинде маанилүү роль ойнойт. Ал суу-туз тең салмактуулугун сактап, кан басымын жөнгө салууга жардам берет.

Бул минералдын жетишсиздиги же ашыкча болушу жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын ишинин бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Reuters: Google ЕБ эрежелеринен улам интернеттеги издөө сапаты начарлаганына даттанды

Google америкалык компаниясы европалык колдонуучулар үчүн издөө системасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул ЕБнин антимонополиялык мыйзамдарын сактоо үчүн жасалган, бирок компаниянын айтымында, өзгөрүүлөр издөө сапатын начарлатып, жергиликтүү бизнеске зыян келтирүүдө.

Бул тууралуу компаниянын улук вице-президенти Ник Фокс билдирди.

«Санариптик рыноктор жөнүндөгү мыйзамга ылайык келүү максатында Google издөө жыйынтыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Бул өзгөртүүлөр жергиликтүү ишканалардын эсебинен онлайн ортомчуларды илгерилетип, адамдар күн сайын колдонгон пайдалуу функцияларды алып салуу аркылуу европалык колдонуучулардын тажрыйбасын начарлатат», – деди ал.

Агенттиктин маалыматына ылайык, издөө жыйынтыктарын жаңылоодо эми мейманканалардын, авиакомпаниялардын жана ресторандардын түз шилтемелерине караганда бааларды салыштыруу кызматтарына артыкчылык берилүүдө.

Google буга чейин ушундай чараларды киргизүүнүн натыйжасында европалык компаниялардын веб-сайттарына багытталган акысыз түз трафик 30%га азайганын билдирген.

Бул өзгөрүүлөр Европа Биримдигинен тышкаркы колдонуучуларга таасирин тийгизбейт.

8 сентября
Reuters: Кытай согуштук операциялар үчүн адам сымал роботторду даярдай баштады

Кытай адам сымал роботторду иштеп чыгуу жана өндүрүү жаатында дүйнөлүк лидерге айланды.

Маалыматтарга ылайык, 2025-жылы ал дүйнөлүк камсыздоонун 95 пайызын түзгөн. Кытайлык изилдөөчүлөр өлкө экономикасын технологиялык жактан жаңылоого көмөктөшүү максатында аларды активдүү иштеп чыгууда.

Ошол эле учурда Кытайдын Элдик-боштондук армиясы курал-жаракты жаңылоо боюнча өзүнүн иштерин баштап, согуштук операциялар үчүн гуманоиддик роботторду даярдоого киришти.

Аскердик сатып алуулар боюнча 100дөн ашык билдирүүнү, изилдөөлөрдү, патенттерди, расмий басылмаларды, ошондой эле мамлекеттик органдар менен коргонуу тармагындагы компаниялардын документтерин талдоо көрсөткөндөй, аскердик мекемелер бул системаларды иш жүзүндө колдонууну сынап, роботтордун өзүн жана аларды үйрөтүүчү технологияларды сатып алып, алардын аскер кызматкерлери менен өз ара аракеттенүүсүн изилдеп жатышат.

Бул иштер 2025–2026-жылдары жигердүү жүргүзүлө баштаган, мында негизги көңүл айлана-чөйрөнү кабыл алуу, манипуляциялоо мүмкүнчүлүктөрү жана окутуу үчүн зарыл болгон маалыматтарга бурулган.

Азырынча Элдик-боштондук армиясынын активдүү бөлүктөрүнө согуштук роботтор бериле элек. Бирок аларды шаар шартындагы согуштук аракеттерде колдонуу концепциясы буга чейин эле сунушталган.

The Guardian: Австралияда маркумдардын сөөгүн жер семирткичке айландыруу ыкмасы ишке ашырылууда

Австралияда биринчи жолу козу карындан жана кендир буласынан жасалган, биологиялык жактан ажыроочу табыт колдонулду.

Мицелий менен кендир буласынан өстүрүлгөн табыт болгону 45 күндүн ичинде чирип, топуракты байытат.

4-сентябрда Жаңы Түштүк Уэльсте 70 жаштан ашкан Кэролин аттуу аял каза тапкан. Аны жерге берүүдө голландиялык компаниянын биологиялык жактан ажыроочу табыты колдонулган.

Австралия мындай ыкма менен жерге берүүнү колдонгон биринчи өлкө эмес экени белгиленет, мындай табыттар дүйнө жүзү боюнча 12ден ашык өлкөдө бар.

Июнь айында Германия «жерге кайтуу» деп аталган жерге берүүнүн жаңы ыкмасын мыйзамдаштырган. Бул ыкмада маркумдун сөөгү чөп, саман жана башка өсүмдүк материалдары менен толтурулган герметикалык «коконго» жайгаштырылат.

Контейнердин ичиндеги микроорганизмдер температураны көтөрүп, органикалык ткандардын ажыроо процессин тездетет. Натыйжада сөөк гумуска айланат.

Bloomberg: ЖИнин жардамы менен жасалган каражат карылыкты жеңүүгө жардам берет

Insilico Medicine биофармацевтикалык компаниясы тарабынан жасалма интеллекттин жардамы менен иштелип чыккан рентосертиб (rentosertib) аттуу эксперименталдык дары бейтаптардын биологиялык жашын азайтуу жөндөмдүүлүгүн көрсөттү.

Алгач өпкөнүн оор илдети – идиопатиялык фиброзду дарылоо үчүн иштелип чыккан бул дары 42 ыктыярчынын катышуусундагы клиникалык сыноодон өткөн.

Nature Biotechnology журналында жарыяланган талдоонун жыйынтыктары катышуучулардын биологиялык жашы алты түрдүү эпигенетикалык көрсөткүч боюнча азайганын көрсөткөн. Плацебо тобунда мындай өзгөрүүлөр байкалган эмес.

Компаниянын башкы директору Алекс Жаворонков бул кош максаттуу терапия куракка байланыштуу патологиялар менен бир эле учурда күрөшүүгө жана өмүрдү узартууга жөндөмдүү экенин белгиледи.

Эксперттер алынган маалыматтардын азырынча алдын ала мүнөзгө ээ экенин жана алардын узак мөөнөттүү таасирлерин кеңири масштабда тастыктоо зарылдыгын баса белгилешет.

GLP-1 агонисттери сыяктуу дары-дармектердин ийгилигинин фонунда фармацевтикалык ири компаниялардын картаюуга каршы технологияларга болгон кызыгуусу тездик менен өсүүдө.

The Times: Окумуштуулар ит жана мышык менен сүйлөшүү адамга кандай таасир этерин аныкташты

Үй жаныбарларын багуучулардын көпчүлүгү күн сайын алар менен сүйлөшүп турушат, мындай кадыресе адат кызыктуу мыйзам ченемдүүлүккө ээ.

Бристоль университетинин изилдөөчүлөрү мышык же ит менен сүйлөшүү – үй жаныбарына өз пландарыңды айтып берүү, үй жумуштарын талкуулоо же жөн гана айланада болуп жаткан окуялар тууралуу кеп кылуу – үй жаныбарларынын ээлери үчүн таптакыр кадимки көрүнүш экенин аныкташты.

Мындай баарлашуу маанилүү эмоционалдык функцияны аткарат жана адамга жалгыздыкты жана кыжалаатчылыкты жеңүүгө жардам берет.

Үй жаныбарларынын ээлери жаныбарларына күн ичинде сүйлөнчү сөздөрдүн 10 пайызын багыттайт. Ошентип, көп адамдар үчүн мышык же ит жооп бере албаса дагы, баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет.

7 сентября
Truth Social: Трамп Ай АКШга таандык экенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы баракчасына «катуу» билдирүү калтырды.

Ал Ай АКШга таандык экенин айтты.

Айдын сүрөтүн жарыялап, «Ай биздики» деп жазган жана анын алдына АКШнын желегин койгон.

Өткөн жылы Трамп АКШ 2028-жылы Айга дагы бир жолу адам жөнөтүүнү пландап жатканын билдирген. Анын айтымында, бул «космостогу Американын лидерлигин» тастыктайт. Ошондой эле Айда экономикалык өнүгүүнүн негизин түзүп, андан кийин Марска саякатка даярдануу пландалып жатканын айткан.

Press TV: Иран Ормуз кысыгы толук жабылганын жарыялады

Бул тууралуу Ислам Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи билдирген.

Анын айтымында, ирандык аскерлер кысыктан өтүүгө аракет кылган америкалык кемелерди аткылашат, бирок чөктүрүп жиберишпейт. Себеби экологияга зыян келтирүүнү каалашпайт.

«Иран контрабанда менен алектенген америкалык кемелерди чөктүрбөөнү чечти, анткени алар мунай ташышат, ал эми бул региондун экологиясына зыян келтирет», – деди Резаи.

«Пятый канал»: Балерина Анастасия Волочкова расмий никеге тургусу келбей турганын айтты

Россиянын эмгек сиңирген артисти Анастасия Волочкова жалгыз да калгысы келбей турганын, бирок ошол эле учурда турмушка чыгуу ниети жок экенин билдирди.

«Турмушка чыгуунун жакшы жагын айта албайм. Ошого жалгыз да калгым келбейт, бирок бирөөгө баш байлоону да ойлонбойм», – деген ал.

Балеринанын айтымында, ал тең укуктуу мамиле түзө алган, жаратуучу, боорукер жана сүйүүгө татыктуу адам менен мамиле курууну каалайт.

Ал эми мончого баруу же бизнесмен Сулейман Керимов менен Мальдив аралдарында эс алуу – кайсынысын тандайсың деген суроого жооп берип жатып, Волочкова экинчи вариантты тандаган.

Муну ал Керимов менен «укмуштуудай сүйүү жылдары» болгонун жана ал учурларды ушул күнгө чейин эсинде сактап келатканы менен түшүндүргөн.

«Аргументы и Факты»: Психолог эмне үчүн эс алуу дайыма эле жардам бере бербесин түшүндүрдү

Деңизге баруу да кээде адамды толук кандуу эс алдыра албайт. Бул тууралуу психолог Любовь Наумова айтып берген.

Ал белгилегендей, көп адамдар эс алууда жүргөндө да почтасын текшерип, кесиптештерине жооп берип, эс алуудан кайткандан кийин баштала турган толтура иштерди ойлоно беришет.

Анын айтымында, кээде адамдар эс алууну жаңы долбоорго айландырып алышат: эрте туруп, көрө турган жерлердин баарына барууга аракеттенишет.

«Сөзсүз түрдө эрте туруш керек, экскурсияларга барыш керек, бардык жакшы жерлерди көрүш керек, сүрөткө түшүш керек, жакшы ресторандарга барыш керек. Жыйынтыгында, эс алуунун ордуна дагы бир долбоорду алышат, болгону анын дедлайны – кайра кайтчу учак», – деген эксперт.

Өнөкөт чарчоонун дагы бир себеби – бир-эки жуманы гана эс алууга бөлүп коюу.

«Эс алуу жашоодо үзгүлтүксүз, маал-маалы менен болуп турушу керек, ал эми биз жылына бир-эки жуманы гана бөлүп коебуз», – дейт ал.

4 сентября
Hart van Nederland: Нидерландда бензиндин баасы тарыхый рекорд жаңылады

Нидерландда Euro 95 үлгүсүндөгү бензиндин сунушталган баасы литрине 2,692 еврого – болжол менен 905 сомго жетип, тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчтү жаңылады.

Бир күндүн ичинде бензиндин баасы литрине 2 евроценттен ашык кымбаттады. Дизель отунунун баасы да ушундай эле көлөмдө өсүп, литрине 2,664 еврого жетти.

Мындай кырдаалды эске алуу менен нидерландиялык экономист Ханс ван Клиф журналисттерге өлкөдөгү бензиндин сунушталган баасы келечекте литрине 3 евродон ашышы мүмкүн экенин айтты.

АКШ менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын кайрадан курчушунан улам Германияда да бензиндин баасы рекорддук чекке жетти.

«Бир нече күн мурун АКШ Иранга каршы чабуулдарын кайра баштап, бул жооп иретиндеги соккуларга алып келди. Кырдаалдын кайрадан курчушу мунайдын баасынын өсүшүнө түрткү болду», – деп жазышкан жергиликтүү ЖМКлар.

Fox News: АКШда 30 жаштан ашкан эркек аскерлер тестостеронго милдеттүү анализ тапшырат

АКШнын Согуш департаменти активдүү кызмат өтөп жаткан жана резервдеги 30 жаштан жогорку бардык эркек аскер кызматкерлери үчүн тестостерон жетишсиздигин аныктоого багытталган милдеттүү текшерүүнүн жаңы тартибин киргизген клиникалык көрсөтмөлөрдү чыгарды.

Ошол эле учурда АКШнын бардык аскердик бөлүктөрүндө тестостеронду медициналык эмес максаттарда, анын ичинде спорттук көрсөткүчтөрдү жакшыртуу үчүн колдонууга тыюу салуу күчүндө калат.

Көрсөтмөгө ылайык, 30 жаштан жогорку эркектер тестостерондун деңгээлин аныктоо үчүн милдеттүү түрдө кан анализин тапшырышат. Ал эми жаш аскер кызматкерлери медициналык кызматкерлердин көрсөтмөсү боюнча же тиешелүү белгилер аныкталган учурда гана текшерүүдөн өтүшөт.

Тестостерондун деңгээли төмөн болгон бейтаптар кошумча текшерүүдөн өтүп, клиникалык жактан ылайыктуу деп табылса, аларга ыктыярдуу гормон алмаштыруучу терапия сунушталышы мүмкүн.

Аял аскер кызматкерлери да Пентагондун көңүл сыртында калган жок. Алар гормоналдык тең салмаксыздыкка байланыштуу болушу мүмкүн болгон чарчоо жана этек кир циклинин бузулушу боюнча текшерүүдөн өтүшөт.

Согуш департаментинин маалыматына караганда, жыныстык гормондорго анализ жүргүзүү аскер кызматкерлеринин ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү аныктоого жана чечүүгө жардам берип, куралдуу күчтөрдүн согуштук даярдыгын жогорулатат.

Бирок айрым эндокринологдор жана медициналык эксперттер кеңири масштабдагы тестирлөө керексиз, ал тургай зыяндуу дарылоого алып келиши мүмкүн экенин айтып, тынчсыздануусун билдиришүүдө.

El Confidencial: Дарыгер жумуш күнүн баштаар алдында эмне кылуу керектигин айтты

Невролог Масуд Хусейн жумуш күнү жемиштүү өтүшү үчүн ишке киришер алдында бир татаал тапшырманы аткарууга аракет кылууну сунуштады.

Анын айтымында, жумуштун алдында, мисалы, чет тилин үйрөнүүгө же музыкалык аспапта ойноого бир нече мүнөт бөлүүгө болот.

Дагы бир вариант – физикалык активдүүлүк.

«Эгер адам жумуш алдында кандайдыр бир татаал ишти жасаса, анда ал күндүн калган бөлүгүндө да татаал тапшырмаларды аткарууга жөндөмдүү болот», – деген ал.