Октябрь айында 81 объектиге инженердик-техникалык корутунду берилди
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын октябрь айында республика боюнча 81 объектиге инженердик-техникалык корутунду берилди.
Корутунду берилген объектилердин басымдуу бөлүгүн социалдык багыттагы жана турак жай имараттары түздү. Тактап айтканда:
- социалдык объектилер – 27;
- турак жай имараттары – 24;
- турак эмес жайлар – 15;
- административдик имараттар – 9;
- өндүрүштүк объектилер – 3;
- башка объектилер – 3.
Техникалык корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун баалоодо, алардын техникалык абалын аныктоодо жана долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына шайкештигин баалоодо маанилүү документ болуп саналат.
Мындан тышкары, октябрь айында институттун базасында жайгашкан атайын вибростенддин жардамы менен бир ирет вибродинамикалык сыноо өткөрүлдү. Анын алкагында көп кабаттуу имараттардын фасаддарын каптоодо колдонулуучу материалдардын сейсмикалык туруктуулугу жана бекемдиги текшерилди.
Институттун бул багыттагы ишмердүүлүгү ар кандай функционалдык багыттагы имараттардын техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды алууга жана курулуш коопсуздугуна байланыштуу негиздүү чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт.
