Сүрөт ачык булактардан алынды
6 ноябрь
Бишкектин эки кичи районунда 10-ноябрда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 10-ноябрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин таза суу жок болот, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району:
10-кичи район № 16-25, 9, 10, 11, 17/1
9-кичи район № 10,12,12/1, 13, 14, 15, 46, 40/1
Суу берүү “Бишкекжылуулукэнерго” МИ тарабынан диаметри 100 мм болгон бурама тээктеги (задвижка) тыгынды жоюу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
