Бишкектеги ири дарыкана түйүндөрү аркылуу мыйзамсыз препараттар сатылып турган
Бишкектеги ири дарыкана түйүндөрү аркылуу мыйзамсыз препараттар сатылып турган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин көмөктөшүүсү менен Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына дары каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз алып кирүү фактысын аныктады.
Аталган каражаттарды ташуу үчүн атайын жашыруу бөлүгү менен жабдылган жүк ташуучу унаа колдонулганы аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө унаадан Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүшү чектелген дары каражаттары жана психотроптук заттар табылган. Тергөө маалыматына ылайык, өлкөгө мыйзамсыз алып келинген препараттар кийин Бишкек шаарындагы ири дарыкана түйүндөрү аркылуу сатылып турган.
Бул факты боюнча МБКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары Ж.Б.Ж. жана Н.К.Н. кармалып, аларга карата камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган препараттарды жеткирүү жана сатуу каналдарын аныктоо, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн кылмышка тиешеси бар башка адамдарды табуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
