Кыргызстан менен Өзбекстан укук коргоо органдарын санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча тажрыйба алмашты
Кыргызстан менен Өзбекстан укук коргоо органдарын санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча тажрыйба алмашты, деп кабарлайт КР Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, КР президентинин мамлекеттик башкарууну санариптештирүү боюнча саясатын ишке ашыруу жана укук коргоо органдарынын ишине заманбап технологияларды киргизүү максатында Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын өкүлдөрүнөн турган мекемелер аралык делегациясы Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдары менен жолугушту.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар прокурордук көзөмөлдү автоматташтыруу, кылмыш иштерин электрондук форматта жүргүзүү, санариптик далилдер менен иштөө жана мамлекеттик маалымат базаларын интеграциялоо боюнча тажрыйба алмашты.
Өзгөчө көңүл интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүүгө, анын ичинде шектүү финансылык операцияларды ыкчам аныктоого жана бөгөттөөгө мүмкүндүк берген антифрод-системаларга, ошондой эле банктар менен укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Бул багыттагы тажрыйба алмашуу укук коргоо органдарынын ишин өркүндөтүүгө, интернет-алдамчылыктын алдын алууга жана жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө багытталган.
