Таласта жол кырсыгынан төрт адам каза болду, алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү  Талас облусунда 5-ноябрда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Алдын ала маалымат боюнча, алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 ноябрь

Таласта жол кырсыгынан төрт адам каза болду, алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү Талас облусунда 5-ноябрда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Алдын ала маалымат боюнча, алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

Талас облусунда 5-ноябрда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Алдын ала маалымат боюнча, алардын үчөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.

Кырсык саат 15:12 чамасында Жоон-Арык айылынын жанында болгон. Анда Kia, Toyota Camry, Honda Civic жана Honda Accord үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Катуу кагылышуунун кесепетинен Kia унаасында бара жаткан үч тууган жана дагы бир адам каза болгон. Ал эми эки жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо максатында ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жол кырсыгына катышкан адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Кырсыктын себептери такталууда.