Аксы районунда 91,3 млн сомдук жер мыйзамсыз берилип кеткен
Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Аксы районунун Кара-Жыгач (азыркы Кара-Камыш) айыл өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары 2021–2024-жылдары жалпы аянты 1,41 гектар жайыт жана 0,68 гектар сугат жерлерин мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен жеке менчикке өткөрүп беришкендиги аныкталган.
Мындан тышкары, 2,45 гектар жайыт жана 3,20 гектар айыл чарба жерлери мыйзамсыз муниципалдык менчикке өткөрүлүп, кийин коммерциялык объекттерди куруу жана пайдалануу үчүн ижарага берилген.
Аталган мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 91 млн 302 миң 240 сом зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
