Академик Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты
6-ноябрда мамлекеттик ишмер, окумуштуу, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев дүйнөдөн кайтты.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.
Жамин Акималиев 1936-жылы 5-майда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Үгүт айылында туулган.
Эмгек жолун агроном болуп баштап, кийин агрардык илим жана мамлекеттик башкаруу тармактарында эмгектенген.
Ар кайсы жылдары Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун директорунун орун басары, кант кызылчасы боюнча тажрыйба-селекциялык станциянын директору, Кыргыз ССРинин айыл чарба министринин биринчи орун басары, Сокулук райондук партия комитетинин биринчи катчысы, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ректору, Кыргыз топурак таануу илим-изилдөө институтунун директору кызматтарын аркалаган.
Ошондой эле Республикалык агроөнөр жай комплексин илимий жактан камсыздоо борборун, Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) Кыргыз бөлүмүн, Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтун жетектеген. 1996–2002-жылдары Кыргыз агрардык академиясынын президенти болгон.
Жамин Акималиев Кыргызстандын агрардык илиминин алдыңкы өкүлдөрүнүн бири катары белгилүү. Анын илимий изилдөөлөрү дыйканчылыкты өркүндөтүүгө, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган.
Ал ВАСХНИЛдин академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги жана Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болгон.
Жамин Акималиев Ленин, Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери жана III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
1976-жылы илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. 1993-жылы ага «Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамы ыйгарылган.
Ал 240тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 12 монографиянын автору.
Ошондой эле Жамин Акималиев «Караван-Инфо Кыргызстан» басылмасында жарыяланган макалаларында айыл чарба жана агрардык тармакты өнүктүрүү маселелери боюнча өз пикирин жана эксперттик бааларын бөлүшүп келген.
