Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдер чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашты
сүрөт: depositphotos.com
6 ноябрь

Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдер чөйрөсүндө кызматташуу боюнча макулдашты

Кыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары жаатында кызматташууну өнүктүрөт. Тиешелүү меморандумга 2026-жылдын 6-ноябрында кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, документке мекеменин жетекчиси Фархат Иминов жана Сальвадордун Санариптик активдер боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Хуан Карлос Рейес Гарсия кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар криптовалюта рыногун жөнгө салуу, анын катышуучуларын лицензиялоо, мамлекеттик көзөмөл жана виртуалдык активдердин мамлекеттик резервдерин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле эл аралык тажрыйба алмашууга, жаңы технологияларды киргизүүгө жана санариптик каржы жаатында адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Кол коюлган меморандум эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ортосунда практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуу механизмдерин өркүндөтүүнү көздөйт.