Ош шаарында 1,2 миң орунга ылайыкташкан Салижан Жигитов атындагы орто мектеп ачылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы Салижан Жигитов атындагы орто мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
МинКаб Төрагасы мектептин ачылышы менен шаар тургундарын Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана жеке өзүнүн атынан куттуктады. Быйыл 10-апрелде президент шаардагы 10 орто мектептин курулушун баштап бергенин, алардын бири болгон бул мектеп бүгүн ишке берилип жатканын белгиледи.
Мектеп 1200 окуучуга ылайыкталган.
Курулушуна Турукташтыруу фондунан дээрлик 1 млрд сомго жакын каражат сарпталды. Эки сменде иштегенде 2500 окуучу окуй алат. Окуу аудиториялары, китепканасы, ашканасы, футбол, волейбол, баскетбол аянттары бар.
«Мунун өзү билимге, балдарыбыздын келечегине болгон камкордук биз үчүн приоритеттүү багыт экенин далилдеп турат» — деди Адылбек Касымалиев.
МинКаб Төрагасы билим берүүнүн материалдык-техникалык базасы менен бирге мугалимдердин эмгек акысы да көбөйтүлүп жатканын белгиледи. 2025-жылы эмгек акыга 58 млрд сом каралса, 2026-жылдын 9 айында кошумча 41 млрд сом бөлүндү. Мугалимдердин орточо эмгек акысы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин жогорулады.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, СТЕМ системасына өтүүнү камсыз кылууну, Ош шаарын Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда алдыңкы билим берүү борбору катары таанытууну тапшырды.
