Сүрөт ачык булактардан алынды
6 ноябрь
Өлкөдө кар көчкү түшүшү мүмкүн. Синоптиктердин эскертүүсү
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 6-ноябрынан 8-ноябрына чейин жаап өткөн жана түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчтү түшүүсү күтүлөт. Тактап айтканда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
