Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолунун 6 чакырымына толук асфальт төшөлдү
видеодон алынган кадр
6 ноябрь

Бишкек – Күн-Туу – Шопоков унаа жолунун 6 чакырымына толук асфальт төшөлдү

Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы Бишкек – Күн-Туу – Шопоков автожолун реконструкциялоо иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүнкү күндө жолдун 6 километрине асфальттын эки катмары толук төшөлүп бүттү. Учурда жол белгилерин, жол чийиндерин жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.

Жолдун жаңыланышы жергиликтүү тургундардын, коомдук транспорттун жана жүк ташуучу унаалардын каттамын жеңилдетип, жолдогу өткөрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, курулуш иштери 2025-жылы башталган.

Жол куруу жана оңдоо иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.