Кыргызстандын ТИМи дипломатиялык мамилелер жана кадрдык дайындоолор боюнча жаңы ыйгарым укуктарга ээ болду
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 ноябрь

Кыргызстандын ТИМи дипломатиялык мамилелер жана кадрдык дайындоолор боюнча жаңы ыйгарым укуктарга ээ болду

Кыргызстандын Министрлер кабинети Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык мамилелер, чет өлкөлөрдөгү мекемелердин ишмердүүлүгү жана кадрдык дайындоолор боюнча ыйгарым укуктарын кеңейтип, тактады.

Тиешелүү №724 токтом 2026-жылдын 27-октябрында кабыл алынган.

Документке ылайык, ТИМ чет мамлекеттерди жана өкмөттөрдү таануу, ошондой эле Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча президентке сунуш киргизүү укугуна ээ болду.

Мындан тышкары, министрлик Кыргызстандын эл аралык уюмдарга мүчө болушу боюнча президентке, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Министрлер кабинетинин төрагасына сунуштарды киргизе алат.

Ошондой эле ТИМ Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелерин ачуу, алардын ишин убактылуу токтотуу жана жоюу, ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн республикада ачуу боюнча президентке сунуш киргизет.

Кадрдык дайындоолордун тартиби да такталды.

ТИМ башчысы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилерин, туруктуу өкүлдөрүн дайындоо жана кызматтан бошотуу үчүн президентке талапкерлерди сунуштайт.

Консулдук мекемелердин жетекчилерин жана ардактуу консулдарды тышкы иштер министри өз алдынча дайындап, кызматтан бошото алат. Ал эми башкы консулдар президент менен макулдашуу аркылуу дайындалат жана кызматтан бошотулат.

Дипломатиялык даражаларды берүү тартибине да өзгөртүүлөр киргизилди. Тышкы иштер министри атташеден тартып 1-класстагы кеңешчиге чейинки дипломатиялык даражаларды ыйгарууга жана алардан ажыратууга укуктуу болот.

Ал эми Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчи, Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүл дипломатиялык даражаларын берүү же андан ажыратуу боюнча сунуштар президентке киргизилет.

Мындан тышкары, ТИМдин улуттук коопсуздук, коргонуу, жаратылыш жана суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, инвестицияларды жана туристтерди тартуу, тышкы соода, илим, маданият жана миграция тармактарындагы саясатты калыптандырууга катышуусу такталды.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.