Бишкекте коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду
6 ноябрь

Бишкекте коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду

Бишкек шаарында «2026–2030-жылдарга Бишкек шаарында коомдук санитардык объектилерди өнүктүрүү» муниципалдык программасын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле муниципалдык жер тилкелерин натыйжалуу пайдалануу жана шаардык инфраструктураны өнүктүрүү максатында коомдук дааратканаларды жайгаштыруу укугуна аукцион өткөрүү демилгеленди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн төмөнкү даректердеги 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду:

1. И. Айдарбеков атындагы бульвар (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) менен Чокморов көчөсүнүн кесилиши;
2. Чокморов жана Шевченко көчөлөрүнүн кесилиши;
3. Кочкор жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилиши («Люкс» сквери);
4. Муромская жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (№ 4 шаардык клиникалык оорукананын жанындагы сквер);
5. Айни көчөсү, 209 (Осмонов көчөсү менен кесилишкен жер, жаңы парк);
6. Камчатская көчөсү (№ 1 үйдүн маңдайы);
7. Садырбаев көчөсү — «Сакалдуу» багы;
8. Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (мурдагы Островский көчөсү, 141);
9. Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилиши (этносквер);
10. «Кыргызстандын 40 жылдыгы» атындагы парктын аймагы (Фере жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилиши);
11. «Кожзавод» районундагы парктын аймагы;
12. Профсоюз  жана П. Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши;
13. Турусбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
14. «Эмгек Даңкы» паркы (Раззаков көчөсү);
15. Абдрахманов жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
16. Раззаков жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилиши.

Аукцион 2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына чейин өткөрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырат.