Бишкекте тез жардам кырсыкка кабылганда кош бойлуу аялды ооруканага шашылыш алып бара жаткан
Иллюстрациялык сүрөт
6 ноябрь

Бишкекте тез жардам кырсыкка кабылганда кош бойлуу аялды ооруканага шашылыш алып бара жаткан

Бишкекте жол кырсыгына кабылган тез жардам унаасы кош бойлуу аялды ооруканага шашылыш алып бара жаткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык Тез жардам борборунун директору Егор Борисов билдирди.

Анын айтымында, тез жардам унаасынын сиренасы жана жаркырак маяктары күйүп турган.

Жол кырсыгы Анкара жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Кырсыктын кесепетинен тез жардам кызматындагы дарыгердин моюн омурткасынын байламталары чоюлганы аныкталган. Ал эми кош бойлуу аял жабыркаган эмес, абалы жакшы.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, тез жардам унаасы Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түндүктү көздөй бара жаткан. Кесилиште Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан.

Соккудан кийин унаалар инерция менен Honda Inspire жана Volkswagen үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

Бардык унаалар айып короого киргизилди. Учурда соттук экспертизалар дайындалып, милиция кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын тактап жатышат.