Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алган шектүү жаран кармалды
6 ноябрь

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алган шектүү жаран кармалды

2026-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге А.А. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Ал арызында үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында Москва көчөсүндө «К.» аттуу жаран чет мамлекеттердин бирине акча каражаттарын которууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен алдамчылык жол аркылуу 69 000 АКШ долларын ээлеп алгандыгын билдирген. Акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып кеткен.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды милицияга кайрылууга же төмөнкү телефон номурлары аркылуу маалымат берүүгө чакырат:
0500 01 25 60; 0552 66 99 98.

Тергөө иштери уланууда.