Бишкектеги жаштар форумунда өлкөнүн келечеги талкууланды
Маданият министрлиги
6 ноябрь

Бишкектеги жаштар форумунда өлкөнүн келечеги талкууланды

Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» аянтчасында 5-ноябрда «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар форуму өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар жана түрдүү тармактардын өкүлдөрү катышты.

Форумда министр Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, жаштардын өлкөнүн келечегин түзүүдөгү маанилүү ордун белгилеп, аларды билимге умтулууга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга жана демилгелүү болууга чакырды.

Форумдун алкагында «Кыялымдагы Кыргызстан» жаштар сурамжылоосунун жыйынтыктары талкууланып, билим берүү, иш менен камсыз кылуу, ишкердикти өнүктүрүү жана жаштардын демилгелерин колдоо маселелерине көңүл бурулду. Ошондой эле ачык баарлашуулар, интерактивдүү аянтчалар жана жаштардын долбоорлорунун бет ачарлары уюштурулду.

Иш-чарада бир катар жарандарга министр тарабынан «Жаштар саясатынын отличниги» төш белгиси тапшырылды.

Мындан тышкары, өлкөнүн 12 жогорку окуу жайынын командалары катышкан чыгармачылык сынактын жыйынтыгында биринчи орунду Кыргыз экономикалык университети, экинчи орунду Кыргыз-Түрк «Манас» университети, үчүнчү орунду Бишкек мамлекеттик университети ээледи.

Форум жаштардын коомдук активдүүлүгүн арттырууга, алардын сунуштарын угууга жана өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоого арналды.