Юстиция министрлиги санарип далилдер институтун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө
6 ноябрь

Юстиция министрлиги санарип далилдер институтун улуттук мыйзамдарга киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүдө

2026-жылдын 4–6-ноябрында Чүй облусунда санарип далилдер институтун Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзам ченемдерине киргизүү маселелерине арналган окутуу семинары өтүүдө.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштурулуп, мыйзамдарга киргизилип жаткан негизги өзгөртүүлөрдү, жаңы процесстик механизмдерди жана санарип далилдер менен иштөөнүн практикалык аспектилерин талкуулоого багытталган.

Семинарга мамлекеттик органдардын, укук коргоо жана сот органдарынын, адвокатуранын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү тармактардын адистери катышууда.

Семинардын алкагында катышуучулар санарип далилдерди укуктук жөнгө салуу боюнча эл аралык ыкмаларды, Бириккен Улуттар Уюмунун Киберкылмыштуулукка каршы конвенциясынын жоболорун, чет мамлекеттерден электрондук далилдерди алуу механизмдерин, ошондой эле интернет-алдамчылыкка каршы күрөшүү жана жабырлануучулардын акча каражаттарын кайтарып берүү маселелерин карап чыгууда.

Санарип далилдерди аныктоо, чогултуу, каттоо жана алып коюунун практикалык аспектилерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Семинардын жыйынтыгында санарип далилдер институтун өнүктүрүү боюнча биргелешкен иштердин мындан аркы багыттарын аныктоо, анын ичинде тиешелүү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды даярдоо, практикалык сунуштамаларды иштеп чыгуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана укук коргоо тутумунун өкүлдөрү үчүн адистештирилген окутуу иш-чараларын уюштуруу каралууда.