«Суукка аллергия» – суук айрым реакциялардын пайда болушуна түрткү болушу мүмкүн
Сууктун өзү классикалык аллерген болуп эсептелбейт, бирок ал аллергияга окшош айрым реакцияларды пайда кылуучу фактор болушу мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-аллерголог Жыпара Кыдырова «Sputnik Кыргызстан» радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, классикалык аллергиялык реакция пайда болушу үчүн иммундук система аллерген менен байланышта болушу керек.
Ал эми суук физикалык фактор болгондуктан, төмөнкү температурага болгон реакциянын механизми чаңчага же башка заттарга болгон аллергиядан айырмаланат.
Ошол эле учурда адамдын организминде аллергияга жакындык же оорунун белгилери бар болсо, үшүп калуу реакцияны күчөтүүчү факторго айланышы мүмкүн.
Кыдырова суукка кабылганда териге бүдүр чыгып, шишип, кычышып же башка белгилер байкалган адамдарды өз алдынча диагноз койбой, дарыгерге кайрылууга чакырды.
