Улуттук онкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулду
Улуттук онкология жана гематология борборуна жасалма интеллект технологиялары менен жабдылган Mindray Resona R9 үлгүсүндөгү төрт заманбап УЗИ аппараты орнотулду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев белгилегендей, диагностикалык жабдууларды жаңылоо адистештирилген медициналык жардамдын сапатын жогорулатууда маанилүү.
Анын айтымында, медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо менен катар диагностиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл. Бул бейтаптарга керектүү текшерүүлөрдөн өз убагында өтүүгө шарт түзөт.
Ошондой эле жасалма интеллект технологияларын киргизүү дарыгерлердин ишинде кошумча жардамчы курал болот.
Жаңы жабдуулар Улуттук онкология жана гематология борборунда түздөн-түз эхокардиографиялык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө да мүмкүнчүлүк берет.
«Биз үчүн медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын жаңылоо гана эмес, диагностиканын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү да маанилүү. Бул бейтаптарга керектүү текшерүүлөрдөн өз убагында жана заманбап технологиялардын жардамы менен өтүүгө шарт түзөт», – деп белгиледи министрдин орун басары.
