Милиция кызматкерлери бир катар уурулуктарга шектелген жаранды кармашты
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 2026-жылдын 29-августунда болжол менен саат 04:30 чамасында борбор калаадагы мечиттердин биринде белгисиз адам садака салуучу кутуну бузуп ачып, андагы акча каражаттарын уурдап, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген. Келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү такталууда.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2008-жылы туулган Б.Д. кармалды. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ш.ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
