Кыргызстанда калктын кызамык, көк жөтөл жана дифтерияга каршы иммунитети текшерилет
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 ноябрь

Кыргызстанда калктын кызамык, көк жөтөл жана дифтерияга каршы иммунитети текшерилет

Кыргызстанда калктын кызамык, көк жөтөл, дифтерия, селейме жана суу чечек ооруларына каршы иммунитетинин деңгээли аныкталат.

Бүгүн Ош жана Баткен облустарында калктын инфекцияларга каршы иммунитетин изилдөөнүн жаңы этабынын алкагында медицина кызматкерлери үчүн окутуу тренингдери өтүүдө.

Изилдөө 2026–2028-жылдарга пландалып, Санкт-Петербургдагы Пастер атындагы эпидемиология жана микробиология илимий-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, адистер зооноздук инфекциялардын жана табигый очоктуу оорулардын таралышын да изилдешет.

Долбоордун 2023–2025-жылдары өткөн мурунку этабында Кыргызстанда 6 миң 617 ыктыярчы медициналык текшерүүдөн өткөн. Алардын кызамык, кызылча, тепме, COVID-19 жана вирустук гепатиттерге каршы антителолорунун деңгээли аныкталган.

Жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы эмдөөнүн натыйжалуулугун баалоого, эпидемиологиялык абалдын өнүгүшүн болжолдоого жана жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын пландаштырууга мүмкүндүк берет.