Орунтаев Бишкектин жаңы мэри болобу? Курулуш министри жооп берди
Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өзүнүн Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген социалдык тармактарда тараган маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал 5-ноябрда журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Орунтаевдин айтымында, жакынкы убакта борбор калаанын мэриясын жетектеши мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт.
«Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэри — Айбек Жунушалиев. Анын ордуна келүүнү көздөө, мындайча айтканда, туура эмес. Биз калктын көйгөйлөрүн жана мамлекет тарабынан коюлган милдеттерди так аткарышыбыз керек», — деди министр.
Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтарга дайындоо жана кадр маселелери өлкө жетекчилигинин гана компетенциясына кирерин белгиледи.
Орунтаев учурда курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба тармагындагы милдеттерди аткарууга көңүл буруп жатканын кошумчалады.
