Тоолуу ашууларда кар жаап жатат, жолдорго инерттик материалдар себилүүдө
видеодон алынган кадр
5 ноябрь

Тоолуу ашууларда кар жаап жатат, жолдорго инерттик материалдар себилүүдө

Өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында кар жаап жаткандыгына байланыштуу жол тейлөө кызматтары тарабынан автожолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирет.

Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Жеринде министрликтин №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери аткарылууда.

Ошондой эле Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, №9 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан жолго кум-туз аралашмасы себилди. Учурда автожол ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Ал эми Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашууларында да кар жаап жатат. Жеринде №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери тарабынан инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз камсыздалган.

Транспорт министрлиги айдоочуларга кайрылып, тоолуу аймактарда аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдор тайгак болушу мүмкүндүгүн эскертти. 

Узак сапарга чыгар алдында унаанын техникалык абалын текшерип, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонууну, жолдо ылдамдыкты азайтып, коопсуз аралыкты сактоо сунушталат.