Өкмөт 2026-жылы Кыргызстанда инфляциянын болжолун 6,5%дан 11%га чейин жогорулатты
2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда инфляция 11%ды түзүшү мүмкүн. Буга чейин керектөө бааларынын өсүшү 6,5% деңгээлинде болот деп болжолдонгон. Ошентип, инфляциянын болжолдуу көрсөткүчү 4,5 пайыздык пунктка жогорулады.
Бул тууралуу Министрлер кабинети Жогорку Кеңешке киргизген республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында айтылат.
Документке ылайык, кийинки жылдарга карата инфляциянын болжолу да кайра каралды. Тактап айтканда, 2027-жылы инфляция 5,1%дын ордуна 7,5%, ал эми 2028-жылы 5,9%дын ордуна 6,6% деңгээлинде болушу күтүлүүдө.
Ошол эле учурда өкмөт экономикалык өсүш боюнча болжолун тактады. 2026-жылы реалдуу ички дүң продуктунун (ИДП) өсүшү мурда бекитилген 8,6%дын ордуна 8,7%ды түзөт деп күтүлүүдө.
Экономиканын номиналдык көлөмү 2 трлн 350 млрд сомго жетери болжолдонууда. Бул мурдагы көрсөткүчтөн 285,7 млрд сомго көп.
Социалдык көрсөткүчтөр боюнча да күтүүлөр өзгөрдү. 2026-жылы орточо айлык эмгек акы 44 165,6 сомдун ордуна 51 657,6 сом болот деп болжолдонууда.
2027-жылы орточо айлык акы 58 269,8 сомго, ал эми 2028-жылы 63 980,2 сомго жетиши мүмкүн.
Мындан тышкары, жашоо минимумунун эсептик өлчөмү да жогорулатылды. 2026-жылга карата ал мурда каралган 8 990,3 сомдун ордуна айына 9 627,9 сомду түзөт.
Өкмөттүн маалыматына караганда, инфляциянын деңгээли ички суроо-талапка, өндүрүштүк чыгымдарга жана тышкы экономикалык кырдаалга жараша болот.
Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн көрсөткүчтөр болжолдуу мүнөзгө ээ жана ар бир кызматкердин айлык акысы автоматтык түрдө аталган өлчөмгө чейин көтөрүлөт дегенди билдирбейт.
