Кыргызстандын бюджетинин чыгашаларын 234 млрд сомго көбөйтүү сунушталды
Кыргызстандын Министрлер кабинети 2026-жылга карата республикалык бюджетти тактоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизди. Документке ылайык, мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын 234 млрд сомго, ал эми кирешелерин 242,6 млрд сомго көбөйтүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, финансылык эмес активдер менен операциялардан түшкөн каражаттарды жана мамлекеттик инвестициялардын гранттарын кошкондо, бюджеттин жалпы кирешеси 793,8 млрд сомго же ИДПнын 33,7 пайызына жетет деп болжолдонууда.
Ал эми финансылык активдерди эсепке албаганда, бюджеттин чыгашалары 784,8 млрд сомду же ИДПнын 33,4 пайызын түзөт. Башында чыгашалар 550,8 млрд сом өлчөмүндө бекитилген.
Кирешелердин негизги өсүшү салыктык түшүүлөрдүн 112,5 млрд сомго жана салыктык эмес кирешелердин 114,5 млрд сомго көбөйүшүнүн эсебинен күтүлүүдө.
Учурдагы чыгашалар 146,6 млрд сомго көбөйүп, 602,1 млрд сомду түзөт. Капиталдык чыгашаларды 87,4 млрд сомго көбөйтүп, 182,7 млрд сомго жеткирүү сунушталууда.
Мындан тышкары, капиталдык салымдарды 27,7 млрд сомдон 45 млрд сомго чейин көбөйтүү каралган.
Чыгашалардын кыйла көбөйүшүнө карабастан, бюджет профицит менен пландалууда. Кирешелердин чыгашалардан ашуусу 9 млрд сомду же ИДПнын 0,4 пайызын түзөт деп күтүлүүдө.
Өкмөт бюджетти кайра кароо зарылдыгын экономикалык кырдаалдын өзгөрүшү, кирешелердин өсүшү жана жаңы социалдык милдеттенмелердин пайда болушу менен түшүндүрүүдө.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, мыйзамда белгиленген жол-жоболор аяктагандан кийин күчүнө кирет.
