Унаасын туура эмес токтоткон милициянын генерал-майору Талантбек Исаев айыпка жыгылды
Иллюстрациялык сүрөт
5 ноябрь

Унаасын туура эмес токтоткон милициянын генерал-майору Талантбек Исаев айыпка жыгылды

Токмокто тротуарга унаасын токтоткон мурдагы башкы жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси, милициянын генерал-майору Талантбек Исаев айыпка жыгылды. Ал буга чейин өзү жол эрежесин бузгандар менен күрөшүп келген.

Окуя жергиликтүү тургундар тарткан видеого түшүп калган. Анда мурдагы жетекчинин унаасы тротуарга токтотулганы көрүнөт.

Күбөлөрдүн айтымында, Исаев алгач эреже бузганын моюнга албай, талашууга аракет кылган. Бирок жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин алардын жүйөлөрүнө макул болгон.

Натыйжада инспекторлор тиешелүү протокол түзүп, унааны токтотуу жана токтотуп туруу эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салышкан.

Белгилей кетсек, Талантбек Исаев жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгын жетектеп турган кезде айдоочулардан жол эрежелерин так сактоону талап кылып, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартууга өзү да катышып келген.

Ал 2012-жылдын март айында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Ошол кезде генерал таасирдүү адамдардын мыйзам бузууларынан коркпой турганын айтып, талаштуу жагдайлар жаралса, окуя болгон жерге өзү барарын билдирген.

Эми мурдагы жетекчинин өзү унааны туура эмес токтоткону үчүн жоопкерчиликке тартылды.