Кыргызстанда 2027-жылдан тарта экспорттук келишимдердин негизинде насыя берүү башталат
Кыргызстанда 2027-жылдан тарта экспорттук келишимдердин негизинде ишканаларды насыялоо пландалууда.
Бул тууралуу «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, борбор экспорттоочу компанияларды мамлекеттик колдоонун жаңы чарасын иштеп чыкты. Тиешелүү чечим кабыл алынып, каржылык продукт Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен биргеликте ишке ашырылат.
Жаңы механизмге ылайык, компаниялар түзүлгөн экспорттук келишимдердин негизинде каржылоо ала алышат.
Учурда насыялоо механизмин ишке киргизүү үчүн анын шарттары жана зарыл болгон документтер иштелип чыгууда.
Такиров белгилегендей, бул чара экспорттоочуларды мамлекеттик колдоо инструменттерин кеңейтүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.
