IFC Кыргызстанда John Deere компаниясынын алгачкы тейлөө борборун ачууга 3 млн доллар бөлөт
Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) Кыргызстандагы агросервистик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Eurasia Group компаниясына 3 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу IFCден билдиришти.
Каражат Бишкек шаарында өлкөдөгү John Deere адистештирилген алгачкы тейлөө борборун курууга жумшалат.
Борбордо заманбап айыл чарба техникаларын сатуу, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо кызматтары бир жерге топтолот. Ошондой эле дыйкандар оригиналдуу тетиктерди сатып алуу жана окутуу программаларынан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Долбоор айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана заманбап технологияларды киргизүүгө багытталган. IFCнин маалыматына караганда, Борбор Азиядагы көптөгөн дыйкандар эскирген жана үнөмдүүлүгү төмөн техникаларды колдонуп келишет. Бул чыгымдардын көбөйүшүнө жана түшүмдүүлүктүн чектелишине алып келет.
Eurasia Group AG компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Мустафа Захиндин айтымында, IFCнин колдоосу менен компания заманбап техникаларды жана тейлөө кызматтарын дыйкандар үчүн жеткиликтүү кылуу менен бирге, алардын кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, билим алмашууга жана санариптик каражаттарды колдонууга да көңүл бурат.
IFCнин Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азиядагы өндүрүш, агробизнес жана кызмат көрсөтүүлөр багыты боюнча аймактык директору Вагнер Альбукерке де Алмейда заманбап агросервистер фермердик чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, айыл калкынын абалын жакшыртууга жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жардам берерин белгиледи.
Жаңы борбордун имараты энергияны үнөмдөө талаптарын эске алуу менен курулат. Ошондой эле IFCнин EDGE жашыл курулуш стандарты боюнча сертификаттоодон өтүшү пландалууда.
