Сүрөт ачык булактардан алынды
5 ноябрь
Франция кыргызстандыктарды 6–8 айга сезондук айыл чарба жумуштарына тартууга даяр
Франция Кыргызстандын жарандарын алты айдан сегиз айга чейинки мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштарына тартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, жакында Франциянын миграция кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетишкен. Учурда тараптар кызматташуунун шарттарын жана тиешелүү келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.
Бул механизм Улуу Британияда иштеп жаткан сезондук жумушка орноштуруу программасына окшош болушу мүмкүн.
Кудайбердиев белгилегендей, азырынча программанын акыркы шарттары иштелип чыгууда.
