Кыргызстанда 2 млн сомго чейинки экономикалык контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салуу сунушталууда
Кыргызстанда экономикалык контрабанда жана бажы төлөмдөрүнөн качуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу босогосун жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документке ылайык, экономикалык контрабанданын олуттуу өлчөмү деп эсептелген сумма 500 миң сомдон 2 млн сомго чейин, башкача айтканда, төрт эсеге көбөйтүлүшү мүмкүн.
Ал эми бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу босогосун 100 миң сомдон 1,5 млн сомго чейин жогорулатуу сунушталууда.
Бул өзгөртүүлөр кабыл алынса, азыркы мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине алып келиши мүмкүн болгон айрым мыйзам бузуулар административдик укук бузуулардын катарына өткөрүлөт. Мындай аракеттер үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексте айып пул түрүндөгү жоопкерчилик сакталат.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар өзгөртүүлөрдү инфляция, товарлардын кымбатташы, валюта курстарынын өзгөрүшү жана тышкы сооданын көлөмүнүн өсүшү менен түшүндүрүшкөн.
Негиздемеде экономикалык контрабанда боюнча акчалай босого 2018-жылдан бери кайра каралбаганы, ал эми бажы төлөмдөрүнөн качууга байланыштуу көрсөткүчтөр 2007-жылдан бери дээрлик өзгөрбөгөнү белгиленген.
Ошондой эле авторлор Кыргызстанда мындай укук бузуулар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу босогосу ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу эң төмөн көрсөткүчтөрдүн бири экенин белгилешет.
Мындан тышкары, административдик айып пулдарды көбөйтүү сунушталууда. Тактап айтканда, бажы декларациясын толтуруу тартибин бузган жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 20 миң сом айып пул салуу каралган.
Бажы көзөмөлү үчүн маанилүү болгон алдын ала маалыматты туура эмес бергендерге жеке жактар үчүн 5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом айып пул белгилөө сунушталууда.
Товарларды убактылуу сактоо жана башка бажы жол-жоболорунун эрежелерин бузгандыгы үчүн да айып пулдарды көбөйтүү каралган.
Ошол эле учурда оорлотуучу жагдайлар менен жасалган экономикалык контрабанда үчүн эркинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүн беш жылдан алты жылга чейин узартуу сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун пикиринде, өзгөртүүлөр укук бузуунун көлөмүнө жана экономикалык кесепеттерине жараша административдик жана кылмыш жоопкерчилигин так ажыратууга багытталган.
