«Ала-Тоо Резорттун» биринчи фазасы ачылганда 500гө жакын мейманкана номери даярдалат
Сүрөт ачык булактардан алынды
5 ноябрь

«Ала-Тоо Резорттун» биринчи фазасы ачылганда 500гө жакын мейманкана номери даярдалат

«Ала-Тоо Резорт» туристтик аймагынын биринчи фазасы ишке берилгенде 500гө жакын мейманкана номерин түзүү пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Ала-Тоо Резорт» ААКтын өкүлү Аскат Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, туристтерди жайгаштыруучу жайлардын курулушуна бир нече инвестор тартылган.

Тактап айтканда, модулдук үлгүдөгү мейманканалар жана скандинав стилиндеги үйлөр курулууда. Алардын айрымдарын курорттун биринчи кезеги ишке киргенге чейин даярдоо пландалууда.

Мейманкана инфраструктурасын өнүктүрүү лыжа трассаларын, асма жолдорду жана туристтерди тейлөө объектилерин куруу менен катар жүргүзүлүүдө.

Аукцион аркылуу жер тилкелерин алган инвесторлор үчүн долбоорлорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү белгиленген.

Жаңы мейманкана номерлери туристтерди тоо лыжа инфраструктурасына жакын жайгаштырууга жана аны менен байланышкан бизнестин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.