Аллергияны КРВИден кантип айырмалоого болот? Аллерголог негизги белгилерин атады
Аллергия менен курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) белгилери окшош болушу мүмкүн. Бирок алардын жүрүшүндө айырмачылыктар бар. Бул тууралуу дарыгер-аллерголог Жыпара Кыдырова «Sputnik Кыргызстан» радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, аллергиянын негизги белгилеринин бири – симптомдордун күн ичинде өзгөрүп турушу.
Мисалы, адам эртең менен өзүн жакшы сезип, күндүз абалы начарлап, кечинде кайра жеңилдеп калышы мүмкүн. Аллерген менен байланышына жараша мындай көрүнүш күн сайын кайталанышы ыктымал.
Ал эми КРВИ учурунда оорунун белгилери адатта алгач күчөп, белгилүү бир чегине жеткенден кийин акырындап басаңдайт.
Эки учурда тең мурундун бүтүшү жана дем алуу жолдоруна байланыштуу башка белгилер байкалышы мүмкүн. Бирок катуу алсыроо, организмдин уулануусу, баш оору жана дене табынын жогорулашы көбүнчө жугуштуу ооруларга мүнөздүү.
Кыдырова бул белгилер ооруну болжолдуу айырмалоого гана жардам берерин белгиледи. Эгер симптомдор узакка созулса же күчөсө, дарыгерге кайрылуу зарыл.
