Түркияда 5,7 миңдей кыргызстандык иштейт – мейманканаларда айына 890 долларга чейин айлык алууга болот
Түркияда уюшкан жумушка орноштуруу программалары аркылуу 5,7 миңге жакын Кыргызстандын жараны эмгектенет. Бул тууралуу чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, кыргызстандыктар негизинен туризм тармагында, атап айтканда, мейманканаларда, ресторандарда жана тейлөө кызматтарында иштешет.
Кудайбердиев белгилегендей, беш жылдыздуу мейманканаларда иштеген айрым кыргызстандыктардын айлык акысы айына 890 долларга чейин жетет.
Айрым программаларда жол кирени Түркия тарап төлөп берет. Ал эми жумуш берүүчү кызматкерлерди жатакана жана күнүнө үч маал тамак-аш менен камсыздайт.
Кыргызстандыктарды жеке агенттиктер аркылуу Түркияга уюшкан түрдө жумушка орноштуруу иши бир нече жылдан бери жүргүзүлүп келет.
