Кыргызстанда кант диабети менен каттоодо турган бейтаптардын саны 92,2 миңге жетти
Кыргызстанда кант диабети менен каттоодо турган бейтаптардын саны 92,2 миң адамга жетти. Бул тууралуу дарыгер-эндокринолог Полина Лучкина «Биринчи радио» эфириндеги «Радиоклиника» программасында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын аягында расмий каттоодо кант диабети менен ооруган 90 миңдей адам болгон.
Ошол эле учурда ооругандардын чыныгы саны мындан көп болушу мүмкүн. Себеби расмий статистика дарыгерге кайрылып, диагнозу аныкталган адамдарды гана камтыйт.
Каттоодо турган бейтаптардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 88 миңдейи кант диабетинин экинчи түрү менен ооруйт.
Ал эми биринчи түрү менен 2,5 миңдей бейтап катталган.
Мындан тышкары, кош бойлуулук учурунда пайда болгон гестациялык диабеттин 1 миңдей учуру жана оорунун башка түрлөрү менен жабыркаган 500дөй бейтап бар.
Лучкина кант диабетин аныктоо көрсөткүчү өсүп жатканын белгиледи.
