Сүрөт ачык булактардан алынды
5 ноябрь
Словакияда кыргызстандыктарга айына 1 200 евродон башталган инженердик жумуштар сунушталууда
Кыргызстандыктарга Словакияда айлык акысы 1 200 евродон башталган жумуш орундары сунушталууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанга Словакиядагы Volkswagen компаниясынын өкүлдөрү келип, инженердик багыттагы адистер үчүн бош жумуш орундарын сунушташкан.
Сунушталган айлык акы айына болжол менен 1 200 евродон башталат.
Кудайбердиев белгилегендей, кыргызстандыктарды уюшкандыкта ишке орноштуруу боюнча Европа багыты акырындык менен кеңейүүдө.
