Улан Ниязбеков Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты
КР ИИМ
5 ноябрь

Улан Ниязбеков Казакстандын ИИМдин Башкаруу академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында өлкөнүн ИИМдин Башкаруу академиясына барды. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын ИИМ башчысы академиядагы окуу процессинин уюштурулушу, материалдык-техникалык базасы, билим берүү жана илимий-практикалык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлерин даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуудагы заманбап ыкмалар менен таанышты.

Өзгөчө көңүл заманбап билим берүү технологияларын колдонууга, окуу-методикалык иштерди өркүндөтүүгө жана ведомстволук билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга бурулду.

Мындай таанышуу сапарлары эки өлкөнүн ведомстволор ортосундагы кесиптик байланыштарды чыңдоого жана ички иштер органдарына кадрларды даярдоо багытындагы мындан аркы кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.