Улуттук статистика комитетине Li Xiang үлгүсүндөгү кызматтык унаа сатып алууга 5,25 млн сом каралды
Кыргызстандын министрлер кабинети Улуттук статистика комитетине Li Xiang 1.9 үлгүсүндөгү кызматтык унаа сатып алууга 5 млн 250 миң сом бөлүүнү сунуштады.
Тиешелүү чыгымдар 2026-жылга карата республикалык бюджетти тактоо жөнүндө мыйзам долбоорунун түшүндүрмө катында көрсөтүлгөн.
Документке ылайык, унаа ведомствонун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана ишмердүүлүгүн камсыз кылуу максатында алынат.
Жалпысынан Улуттук статистика комитетинин бюджетин 262,3 млн сомго көбөйтүп, 956,3 млн сомго жеткирүү сунушталууда.
Кошумча чыгымдардын эң чоң бөлүгү — 2026-жылы айыл чарба каттоосун жүргүзүүгө 125,1 млн сом. Мамлекеттик кызматкерлердин жана тейлөөчү персоналдын эмгек акысын жогорулатууга 67 млн сом, кызматкерлерди өнүктүрүү жана шыктандыруу фондуна 62,9 млн сом каралган.
Мындан тышкары, статистика органдарынын 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды жана эл аралык статистикалык форумду өткөрүүгө 7,5 млн сом бөлүү пландалууда.
Документте Улуттук статистика комитетинин түзүмүнө да өзгөртүүлөр киргизилгени айтылат. Ага ылайык, жети облустук статистикалык башкармалык жоюлуп, алардын ордуна беш шаардык жана эки райондук башкармалык түзүлгөн.
