Кыргызстандыктардын жарымы айлыгы көрсөтүлбөгөн вакансияларга жооп бербейт
Кыргызстандагы жумуш издегендердин жарымы иш берүүчү эмгек акынын өлчөмүн көрсөтпөгөн вакансияларга жооп берүүгө даяр эмес.
Бул тууралуу Кыргызстандагы 550дөн ашык жумуш издөөчүнүн катышуусунда HeadHunter.kg платформасы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында белгилүү болду.
Изилдөөгө катышкандардын 50%ы айлык акы көрсөтүлбөгөндүктөн вакансияга жооп бербей турганын билдиришкен.
Дагы 39%ы кесиптик кызыкчылыктарына туура келбеген сунуштарды карашпайт. Ал эми 31%ы кызматтык милдеттер же эмгек шарттары түшүнүксүз жазылган вакансиялардан баш тартышат.
Сурамжылоого катышкандардын 30%ы компаниянын аброюна ишенбесе, 26%ы талап кылынган тажрыйба алардын тажрыйбасына дал келбеген учурда сунушту кабыл алышпайт. Ошондой эле 23%ы иш графиги тууралуу маалыматтын жоктугун маанилүү себеп катары белгилешкен.
Респонденттердин 18%ы жумуш ордунун дареги көрсөтүлбөгөнүнө, дагы 18%ы иш берүүчү тууралуу терс же такыр пикирлердин жоктугуна көңүл бурушат.
Ошол эле учурда иш берүүчүнү тандоодо негизги критерий эмгек акы бойдон калууда. Сурамжылоого катышкандардын 76%ы айлык акынын өлчөмүн башкы фактор катары аташкан.
