«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда ски-пасстын баасы болжол менен 3 миң сомду түзөт
Иллюстрациялык сүрөт
5 ноябрь

«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда ски-пасстын баасы болжол менен 3 миң сомду түзөт

«Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунда ски-пасстын баасы алдын ала эсептөөлөр боюнча 3 миң сомдун тегерегинде болот. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» ААКтын каржы директору Бактыбек Нарбеков «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, учурда тарифтердин акыркы баасы эсептелип жатат. Ошол эле учурда баалар Кыргызстандын тургундары үчүн жеткиликтүү болору пландалууда.

Курортто билеттерди сатуунун заманбап электрондук системасы киргизилүүдө. Келүүчүлөр билеттерди алдын ала, анын ичинде онлайн сатып ала алышат.

Ски-пасс асма жолдорго жана курорттун башка инфраструктурасына кирүү үчүн колдонулат.

Мындан тышкары, курорттун аймагында лыжа, сноуборд, атайын кийим-кече жана башка жабдууларды ижарага алуу кызматтары жеткиликтүү болот.

Компаниянын өкүлдөрү тарифтер көрсөтүлүүчү кызматтардын топтомуна жана курортто болуу мөөнөтүнө жараша аныкталарын белгилешти.