Кыргызстанда шарапка салынуучу акциз салыгын төрт эсеге жогорулатуу сунушталды
Кыргызстанда алкоголдук продукцияга акциздик салыктын ставкаларын кыйла жогорулатуу сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 4-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги даярдаган документте айтылат.
Учурда кадимки шараптын бир литрине 25 сом, шампан кошулган газдалган шараптарга 50 сом, ал эми алкоголу аз суусундуктарга 100 сом акциздик салык салынат.
Экономика министрлиги аталган үч категория үчүн бирдиктүү ставканы — литрине 100 сом өлчөмүндө белгилөөнү сунуштоодо. Мындай өзгөртүү кабыл алынса, кадимки шарапка салынуучу акциз төрт эсеге, ал эми шампан жана башка газдалган шараптарга эки эсеге көбөйөт.
Ал эми ликер-арак продукцияларына акциздик салыкты этап-этабы менен жогорулатуу каралган:
- 2026-жылы — литрине 200 сом;
- 2027-жылы — 250 сом;
- 2028-жылы — 300 сом;
- 2029-жылдан тартып — 350 сом.
Ошентип, 2029-жылга карата акциздик салыктын ставкасы 2026-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 75%га жогорулайт.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр бюджетке түшкөн каражаттарды көбөйтүүгө жана салыктан качуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтууга багытталган.
Ведомстводон белгилешкендей, учурдагы акциздик ставкалардын айырмачылыгынан улам айрым импорттоочулар алкоголу аз продукцияны шарап катары каттатып, төмөнкү өлчөмдө акциз төлөп келишкен.
Долбоордун материалдарында бир импорттоочунун мисалы келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, анын аракеттеринен улам 40 млн 777,7 миң сом өлчөмүндөгү акциз салыгы кошумча эсептелбей калган болушу мүмкүн.
Жөнөкөй жана газдалган шараптарга акциздик ставкаларды өзгөртүү аркылуу мамлекет жыл сайын кошумча 170 млн 650 миң сомго жакын киреше алууну көздөп жатат.
Ошол эле учурда акциздик салыктын жогорулашы алкоголдук продукциянын чекене баасы да автоматтык түрдө ушундай эле өлчөмдө кымбаттайт дегенди билдирбейт. Акыркы баа өндүрүүчүлөрдүн, импорттоочулардын жана сатуучулардын чыгымдарына да байланыштуу.
